Инструкция по эксплуатации АТЛАНТ СМА 50С82 приложение

Страница 62

Advertising
background image

62

KYR

Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является

4.2.1 Машинаны күйүгүзөөрдѳн мурун суу түтүк кранын ачуу ке-

рек жана сууну агызуу менен кум жана дат сыяктуу жаман суулар-
дын агып кетишин текшериши керек.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Өндүрүүчү (сатуучу) дат, кум, ширенди-

ге ж.б. толгон суунун колдонулушуна байланышкан машинанын

бузулушу же дефектисине, кир жуунун сапатына жоопкерчилик

албайт (анын ичинде колдонуунун кепилдик мөөнөтүндө дагы).

4.2.2 Куюу жана төгүү шлангдарын орнотуунун тууралыгын

текшерүү (3.4 караңыз).

Эгерде машина көпкө пайдаланылбаса, гайканы бурап жана

шлангды сууну берүү кранынан жана машинадан ажыратуу менен,
куюу шлангысынан туруп калган сууну төгүү керек. Куюу шлангы-
сын суу түтүгүнө жана машинага 3.4.2-сүрөтүнө ылайык кошуу керек.

4.3 ҮН СИГНАЛИЗАЦИЯСЫ

4.3.1 Үн сигналы машинанын ишинин башталышында жана ая-

гында коштойт, о.э. туура келбеген кызматтарды бергенде, тандал-
ган программа боюнча машина иштеп жаткан убакта кокусунан ба-
скычтарды басып алганда чыгат.

5 И Ш ТА Р Т И Б И

5.1 Кирди даярдоо жана машинага салуу (6.1 караңыз).

Барабанда башка буюм жок экендигин, үй жаныбарлары жок

экендигин текшергиле.

Машинанын эшигин жабууда блоктоо каралган болсо, машина-

нын эшигин кулпудан сезилээрлик чертүү чыкканга чейин жабуу ке-
рек (5.7 караңыз).

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Кир кийим барабандын сыртына чык-

поосу жана эшик менен тыгыздоочунун ортосуна кыпчылып

калбоосу керек.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Синтетикалык кир жуучу каражаттар-

ды (мындан ары - СКК), электр кубаттуулугун үнөмдөө үчүн жана

айлана чөйрөнүн булгануусун азайтуу үчүн, кир жууда програм-

маны тандоо учурунда кездеменин түрүн жана кирдин булгануу

деңгээлин эске алыңыздар.

5.2 Лотокко кир жуучу автомат машиналарына багытталган кир

жуучу каражатты жана атайын иштетүүчү каражатты салуу керек
(6.2 карагыла). Лотокту акырын жапкыла.

Машина иштеп жатканда машинадан суу агып жана чачырабашы

үчүн кир жуучу каражаттарды салуучу лотокту ачып жабууга

ТЫЮУ

САЛЫНАТ.

5.3 Кубаттануу зымынын сайгычын розеткага сайып, суу берүү

кранын ачкыла (9 –сүр.карагыла).

5.4 Машинаны тиркемеге ылайык күйгүзгүлө. Кир жуу программа-

сын тандап, зарылдыгына жараша негизги параметрлерин, кошумча
функцияларды койгула. машина ишин баштоо үчүн БАШТОО/ПАУЗА
баскычын басуу керек, үн сигналы чыгып, машинанын блокко салуу-
чу тутуму ишке киришет да, машина иштеп баштайт.

ЭСКЕРТҮҮ! Эшиктин бекитүү түзүлүшүн сындырып алуу-

дан алыс болуу үчүн:

— эшиги автоматтык түрдө ачылганга чейин, ашыкча күч

жумшап, аны ачууга аракет кылбагыла;

— эшикти ачууда жана жабууда анын урунуусуна жол бер-

бегиле.

ЭСКЕРТҮҮ! Эгерде БАШТОО/ПАУЗА кнопкасын баскандан

кийин же машина иштеп жатканда ачуу керек болсо, машина-

ны пайдаланууну токтотуп жана сервисдик кызматка кайры-

луу зарыл.

Эшигинин бекитүү түзүлүшү бузулган машинаны пайдаланууга

ТЫЮУ САЛЫНАТ.

5.5 Кир жуунун акыркы операциясы аяктагандан кийин эшиктин

блоктогучу өчөт, үн белгиси чыгат.

5.6 Кир жуу аяктагандан кийин машинаны тиркемеге ылайык

өчүрүү керек. Кубаттануу зымынын сайгычын розеткадан сууруп, суу
берүү кранын өчүрүү керек.

Эгер машина электр түйүнүнөн ажыратылбаса, анда үч жолку

сигнал бир минута аралык менен дагы беш жолу чыгат.

Эшигин ачып, кирди алгыла.
Лотокту акырын жылдырып, машинанын ички бөлүктөрү курга-

майынча эшигин ачып коюу керек. Машинада жыттын пайда болу-
шун болтурбоо үчүн машинанын эшиги кийинки кир жууганга чейин
ачык турушу керек. Эшигин жабуудан блокко салууну 5.7 ге ылай-
ык орнотуу керек.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Электр түйүнүндө кир жуу убагында

чыңалуу берүүнү токтотуу машинанын ырааттуу иштешине та-

асир этпейт: электр түйүнүндө чыңалуу берилгенден кийин ма-

шина программасын кир жуунун кайсы жерине келсе, ошол жер-

ден баштап уланта берет.

5.7 ЭШИКТИ ЖАБУУДАН БЛОККО САЛУУ

5.7.1 Эшикти блокко салуу машинанын

айрым үлгүлөрүндө машинанын кокус бал-
дар тарабынан күйгүзүлүп калышынын ка-
чуу үчүн каралган. Эшикти жабуудан блокко
салуу үчүн втулканы бурагычтын жардамы
менен саат жебеси боюнча акырына чей-
ин 13-сүрөткө ылайык буроо керек — втул-
ка бери чыгып, эшик жабылбай калат. Кир
жуунун алдында блокту алып салуу үчүн
кайра тескери ырааттуулукта буроо керек.

6 С У Н У Ш ТА Р Ж А Н А К Е Ң Е Ш Т Е Р

6.1 КИРДИ ДАЯРДОО ЖАНА ЖҮКТӨӨ

6.1.1 Кир жуунун алдында зарыл:

— шейшептерди жана кийимдерди бөлүштүрүп, ак түстөн

түстүүлөрдү бөлүп алуу;

— буюмдарды кездеменин тиби боюнча, этикеткасындагы бел-

гилерге карап бөлүштүрүү (6.3 карагыла).

Кир жуунун программасын тандоо үчүн буюмдардын кирдөө

деңгээлин аныктагыла (тиркемени карагыла);

— кир жеңил кирдеген учурда жагымсыз жыт болот, бирок так

жана кирдеген жерлер болбойт;

— орто кирдеген кир билинээрлик кирдейт жана кичине так бо-

луп калат;

— катуу кирдегенде кирде кирдегени жана (же) тагы даана

көрүнүп турат.

Айрым тактарды (чөптөн, шарик калем саптарынан, өсүмдүк

майынан, боектор ж.б.) машинадагы кадимки кир жуу программасы
менен кетирүүгө болбойт. Муну башында буюмдун азыраак билин-
ген жеринен баштап, жуугандан кийин так калып калбаш үчүн такты
тазалоону чекесинен баштап, акырындап борборуна жетиш керек.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Жаңы түстүү кийимди башкалар ме-

нен жуунун кереги жок, анткени анын боегу чыгышы мүмкүн. Ак

кирди өзүнчө бөлүп жуу керек.

6.1.2 Барабанга кир жүктөөнүн алдында зарыл:

— кийимдердин чөнтөгү бош болушу керек, айрылган жерлери

тигилген, сыдырмасы, илгичи жана топчулары топчуланышы керек,
кетпеген тактар алдын ала кетирилиши керек;

— шымдарды, аппликациясы бар буюмдарды, токулган жана три-

котаж буюмдарды тескери оодарыш керек (трикотаж кийим, футбол-
калар, түгү бар буюмдар ж.б.).

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Машинага кийимдер менен чогуу ме-

талл предметтердин түшүп кетиши (тыйындар, скрепкалар

ж.б.) машинанын резина бекемдөөчүсүнүн жана желим багы-

нын бузулуусуна алып келет. Буга окшогон бузулуулар кепил-

дик оңдоосуна кирбейт.

6.1.3 Майда кийимдер (байпактар, бет аарчылар ж.б.), темири

бар бюстгальтерлер, о.э. назик кийимдерди (жука колготкилер, бай-
пактар ж.б.) жуунун алдында атайын торго же капка салып, башка
кийимдер менен бирге жууш керек.

6.1.4 Кир жуунун жана сыгуунун мыкты сапатына жетишүү үчүн

бөлүштүрүлгөн кийимди жайып, машинанын барабанына кенен са-
лыш керек.

Чоң кийимдерди майдалар менен бирге биринин артынан бирин

барабанга салып, жууш керек. Ушундай салынган буюмдар сыгыл-
ганда барабандын ичинде тең салмакта бөлүштүрүлөт.

Машинага сууну көп сиңирип алган кездемелерден тигилген кий-

втулка

эшик

13-сүрөт

Advertising